Радик Сигбатулин конкур боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

  29.04.13   11:05
 396

Өспүрүмдөрдүн адистештирилген ат спорту мектебинде конкур боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Кыргызстандын ат спорту боюнча федерациясынын башкы катчысы Ильвира Жогинанын айтымында, чемпионат Дүйнөлүк кубок алдындагы акыркы тандоо этапы болуп саналат. Ал май айында Бишкекте өтөт.

Өлкөнүн чемпионаты А, В жана С группалары боюнча өттү. Биринчи топто Борбор Азия аймагындагы дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын намысын коргой турчу курама команданын мүчөлөрү күч сынашты. Андан сырткары В тобунда жаш аттардын күчү сыналса, С тобуна өспүрүм балдар беттешти.

Өлкө чемпинатында 7 медалдын комплектиси ойнотулду. Үч топ боюнча республиканын чемпиондугуна 40 чабандес күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 140 см тоскоолдуктан секирүү боюнча гран-прини Радик Сигбатулин Стамберлайн аттуу аты менен жеңип алды. Экинчи орунду Юрий Воронин Патрик аттуу аты менен ээлесе, коло медалды Ринат Галимов Сант аттуу аты менен утуп алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223305

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.