2012-жылы "Кумтөрдөгү" капиталдык чыгымдар 1-2 эсеге жогорулаган

  29.04.13   11:03
 367

"Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКнын 2012-жылга болгон жалпы капиталдык чыгымдары 399,9 млн долларды түзгөн, тактап айтканда мындай көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 121%га көп. Бул тууралуу "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын 2012-жылга карата ишмердигинин жыйынтыгын чыгуруу учурунда маалым болду.

Ишкананын өндүрөш чыгымдары өткөн жылы 370,5 млн долларды түзгөн, тактап айтканда 2011-жылга салыштырмалуу 6%га аз болгон. Геологиялык чалгындоолорго кеткен чыгымдар 11,8 млн долларга жеткен. Ал эми 2011-жылы 13,6 млн долларды түзгөн. Компаниянын берген маалыматына ылайык, каражаттын көпчүлүгү кен казуучу оор техникалардын паркын кеңейтүү жана алардын ремонттору үчүн жумшалган. "Кумтөр оперейтинг компани" ишканасынын эсептөөсү боюнча 2013-жылы жалпы капиталдык чыгымдар 95 млн долларды түзөт. Анын ичинде 64 млн доллар негизги фондду модернизациялоо үчүн сарпталат. 2013-жылы кен өндүрүүчү жайларды өнүктүрүү үчүн сарпталуучу каражаттар 31 млн долларга жетет. Борбордук карьердеги жаңы кен байлыктарды ачууга кеткен чыгымдар 212 млн доллар жана геологиялык чалгындоолорго 13,5 млн доллар жумшалаары пландалууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223306

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.