Sony "сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" телефон чыгарат

Интернетте расмий түрдө жарыялана элек Sony Xperia ZR телефонунун техникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар чыкты.
  29.04.13   11:39
 217

Ал буга чейин чыккан Sony Xperia Z телефонунан да жакшы корголгону айтылат.

Тилекке каршы, жаңы чыга турган телефондун сүрөтү интернетте жок. Интернеттеги кээ бир булактардын маалыматына ылайык, жаңы телефон ыңгайлуу жана суу кирүүдөн өзгөчө корголгон. Ал 1,5 метр тереңдиктеги сууга 30 мүнөт түшсө да эч нерсе болбойт. Мындай "сыноого" туруштук берүүчү телефондун калыңдыгы 10 мм экени айтылууда. Компаниянын буга чейин чыгарган Sony Xperia Z телефонунун калыңдыгы болгону 7,9 мм.

Жаңы телефондун техникалык мүмкүнчүлүгү Sony Xperia Z моделине салыштырмалуу бир топ жакшы болот. Анын экраны 4,6 дюйм жана 1280х720 пикселден турат, процессору төрт ядролуу Qualcomm Snapdragon S4 Pro 1,5 Ггц, оперативдүү эске тутуму 2 ГБ. Ал эми орнотулган эс тутуму 8 ГБ. Sony Xperia ZR моделинин камерасы 13 мегапиксел. Аккумулятордун сыйымдуулугу 2300 мАч.

Бул моделдин качан чыгары тууралуу так маалымат жок.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223307

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.