Бильярдчы Ызатбек Раатбеков Ростов-на-Дону Кубогунун жарым финалына чыккан жок

  29.04.13   11:55
 294

Кыргызстандан бильярдчы Ызатбек Раатбеков Ростов-на-Дону эл аралык турниринде 5-8-орунга татыктуу болду. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, Раатбеков чейрек финалга чейин келип, жарым финалга чыгуу беттешинде россиялык Никита Ливадага 2:6 эсеби менен жеңилип калган.

Андан тышкары, турнирде жаш бильярдчылар Улукман Карагулов жана Дастан Лепшаковдор да катышышкан. Алар чейрек финалга чыгуучу беттешүүдө утулуп, турнирдин 9-16-орундарына гана татыктуу болушту.

Жалпы байге фонду 500 миң рублди түзгөн турнир 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өткөрүлдү. Биринчи орунга илинген спортчу 100 миң рублга ээ болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223308

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.