Балыкчы шаарынын мэри тендер өткөрүүдө мыйзам бузган

  29.04.13   12:07
 359

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча иликтөө башкармалыгы Балыкчы шаардык муниципалдык ишканасынын тендер өткөрүү комиссиясынын мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тендердик комиссия "Шаардын абалын жакшыртуу жана санитардык тазалоо" долбоору боюнча автоунааларды сатып алууда мыйзам бузган.Тактап айтканда, мамлекетке 520 миң сом чыгым алып келген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223309

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.