Табалдиев: Тажик-ооган чек арасына согушкерлердин топтолуусу байкалууда

  29.04.13   12:10
 254

Ооганстандын түндүк-чыгышында орун алган Бадахшан провинциясында жалданма согушкерлердин топтолуусу байкалууда. Алар Борбор Азияда дестабилдештирүүнү пландап атышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп аткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук комитетинин жыйынында Кыргызстандын коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандын бийлиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин жардамысыз абалды көзөмөлдөшу оор. "Учурда Ооганстанда идеясы өнүккөн светтик мамлекеттерге каршы келген эл аралык террордук күчтөр жандана баштады",- деди ал.

Ал ошондой эле, Ооганстандагы саясый туруксуз абал да кырдаалды курчутуп атканын кошумчалады. "Бийлик эл тарабынан колдоо таппай атат. Ооганстандын кээ бир аймактары келечекте Борбор Азияда дестабилдештирүүнү көздөгөн согушкерлердин башкаруусуна өтүүдө",- деди Табалдиев.

Табалдиев Ооганстандагы көйгөйдү НАТОнун коалициялык күчтөрү чыкканга чейин жана андан кийин да ШКУнун кийлигишүүсү жок чечүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223310

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.