Кыргызстандык таэквондо-ITF боюнча алтынчы дандын ээси болду

  29.04.13   12:12
 326

Кыргызстандагы Тэквондо-ITF федерациясынын президенти Эдуард Хегай алтынчы данды жактоо экзаменинен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу "ВБ"га негизги курама командасынын машыктыруучусу Нуриса Мамбеталиева маалымдады.

Анын айтымында, Хегай Кыргызстандагы таэквондо-ITF боюнча алтынчы дандын алгачкы ээси. Кыргызстан менен Казакстандын таэквандочулары үчүн аттестациялык семинар жана мастер-классты эң жогорку, тогузунчу дандын ээлери Ким Лан Унг жана Хектор Гектар Марано гранд-мастерлери өтүштү.

26-28не чейин Алматыда өткөрүлгөн семинардын жыйынтыгында, катышуучулары тиешелүү категория менен дан боюнча экзамендерин тапшырышты.

Кыргызстандан Хегайдын жетекчилиги алдында тогуз инструктор жана спортчу да катышышты. Экзамендерин ийгиликтүү тапшырган Абдулазиз Усманов, Артем Прибытков, Вероника Цой, Владимир Ким, Вячеслав Ли жана Самат Шаршеновдор төртүнүчү дандын ээлери болушту.

"Андан тышкары, дагы үч тренер катышты, бирок алар экзамен тапшырышкан жок. Ал эми мени гранд-мастерлер "Мыкты техника үчүн" диплому менен сыйлашты", - деди Мамбеталиева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223312

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.