Түштүк аймак боюнча МСКнын кызматкерлери аттестациядан өтүштү

  29.04.13   12:19
 279

Апрелде Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) түштүк аймактар аралык башкармалыгы менен Ош боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү кызматы абалына жараша аттестациядан өтүштү. Бул тууралуу МСКнын басмасөз кызмат кабарлады.

Ээлеп турган кызматына карата экзаменден 2012-жылы аттестациядан "алты айдан кийин кайталоо аттестациядан өтүшү керек" деп баа алган кызматкерлер өтүштү.

Апрель айында жүргүзүлгөн аттестациядан 34 кызматкер өткөн болсо, анын 24ү "иштеп жаткан кызматына татыктуу" деп табылды, ал эми жети кызматкер алты айдан соң кайрадан сынактан өтүүгө тийиш. Ошондой эле үч кызматкер "ээлеген ордуна татыксыз" деп табылды.

Аттестация өткөрүүнүн максаты - мамлекеттик кызматкердин кызматтык жана кесиптик ишмердигине объективдүү баа берүү болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223314

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.