Зордуктоо фактысы боюнча 43 жаштагы жаран колго түшүрүлдү

  29.04.13   12:22
 257

Бишкектин " Жал" кичи районунан 43 жаштагы адам зордуктоо фактысы боюнча колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дем алыш күнү "Жал" кичи районундагы №72-мектептин жанынан саат 20.30 чамасында белгисиз адам 38 жаштагы аялды ур-токмокко алып, зордуктап кеткен.

Бишкек шаардык Ленин районунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан буга шектүү делип 43 жаштагы жаран колго түшүрүлгөн.Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223315

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.