Бакыт Нурдинов: Кыргызстанда ажылыкка баруу квоталары мыйзамсыз сатылып жатат

Анын айтымында, облусттук казылар Меккеге жиберүү үчүн жергиликтүү элден паспортторун чогулта башташты.
  29.04.13   13:12
 302

"Кыргызстанда ажылыкка баруу квоталары сатыла баштады", - деп, бүгүн, 29-апрелде, маалымат жыйыны учурунда, Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин президенти Бакыт Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, облусттук казылар Меккеге жиберүү үчүн жергиликтүү элден паспортторун чогулта башташты.

"Меккеге барыш үчүн, расмий төлөмдөн тышкары, жарандар пара түрүндө 1 миң доллар төлөөгө муктаж. Облустук казылар эмитеден эле орундарды сата башташты. Бирок иш жүзүндө документтер июль-август айында гана кабыл алынат. Мен бардык органдарды анын ичинде президентти дагы жогорудагы фактыга көңүл буруусун өтүнөм", - деди Нурдинов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223316

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.