Жерүйдү иштетүү үчүн түшүп жаткан арыздар 10-майга чейин сыр бойдон сакталат

  29.04.13   13:44
 299

Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензия алуу үчүн инвесторлордон түшүп жаткан арыздар 10-майга чейин сыр бойдон сакталат. Бул тууралуу бүгүн "ВБ"га Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынакка катышууну көздөгөн компаниялардын саны аз эмес.

"Көптөр келип кошумча маалымат алып, сынактын шартын сурап кызыгып жатышат. Бирок кайсы компаниядан арыздар келип түшкөндүгү 10-майга чейин сыр бойдон сакталат.Аны Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик ачыктайт", - деп билдирет ведомстводон.

Эскерте кетсек, 5- апрелде Кыргызстандагы Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн сынак жарыяланып, анын баштапкы баасы 300 млн долларга бааланган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223317

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.