Булак: Комиссия Батукаевдин оор лейкоз оорусу жалган экенин тааныды

Мыйзамдагы уурунун алдын ала диагнозу болгон эмес. Лейкоз оорусу Онкология борборунда текшерилгенден кийин чыккан.
  29.04.13   13:56
 448

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оор лейкоз оорусу жалган болуп чыкты. Мындай тыянакты бүгүн, 29-апрелде депутаттык комиссиянын жыйынында дарыгерлердин эксперттик тобу депутаттарга тааныштырат. Бул тууралуу өздүк булактар "ВБ"га билдирди.

Учурда депутаттар бул тыянакты алып, аны менен таанышып атат. Андан соң комиссиянын мүчөлөрү жыйынга чогулат.

Булактын берген маалыматын ылайык, эксперттик топтогу дарыгерлер мыйзамдагы уурунун онкологиялык оорусу болбогонун чыгарган корутундусунда белгилешкен.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев дарыгерлердин чыгарган корутундусундагы кээ бир учурлар суроо туудурат деп, журналисттерге билдирди.

"Парламентке тастыкталган корутундуну алып чыгуу үчүн биз бул жагдайлардын бардыгын такташыбыз керек. Батукаевдин анализи жасалмабы же жокпу деп азыр мен ишенимдүү айта албайм. Булардын барын такташ үчүн биз кантип болсо да, анын канынын үлгүсүн алып, аны биздеги анализ менен салыштырабыз",- деди ал.

Депутат корутундудан күмөн санаткан дарыгерлердин да катачылыгы болушу мүмкүндүгүн айтты.

"Мисалы, врач-консультант чучуктун үлгүсүн (костный мозг) алган, бирок бул тууралуу документте жазылган эмес. Бул чакан операция болуп эсептелет жана алардын бардыгы документте жазылышы керек болчу. Керек болсо, алдын ала диагнозу да болгон эмес. Гастрит, гепатит тууралуу диагноз болгон, бирок лейкоз тууралуу диагноз Онкология борборунда өткөн изилдөөдөн кийин гана пайда болгон. Бизде сейфте чучуктун үлгүсү сакталып турат. Азыр биз бул материал менен Батукаевдин канынын ДНКсын салыштырабыз. Буга гематологдор менен укук коргоо органдары өздөрү да кызыктар болуп атат",- деп кошумчалады ал.

Эскертсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаев 9-апрелде Нарындагы №4 убактылуу кармоочу жайдан дарыгерлердин "кандын рак оорусуна чалдыккан" деген тыянак менен чыгарылган. Ошол эле күнү Батукаев Кыргызстандан туугандары менен бирге чартердик рейс аркылуу Грозныйга учуп кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223318

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.