КРдеги эл арарлык университеттердин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү кенен

  29.04.13   13:53
 266

Кыргызстандагы эл аралык университеттердин өсүп-өнүгүүсүнө бардык шарттары бар. Бул тууралуу Алматыдагы немец-казак университетинин ректору, профессор Йохан Герлах билдирди.

Анын айтымында, өз кезегинде КРСУдагы кыргыз-немец факультетинин негизинде өз алдынча кыргыз-немец жогорку окуу жайын ачуу идеясы республиканын илимий-билим берүү чөйрөсүндө кызуу талкуланган. Эгер буга Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелердин эки тараптуу өнүгүүсүндөгү жакында эле белгиленген жагымдуу векторду кошумчалай турган болсок, анда бул маселенин ишке ашышы жакынкы келечек экенине бек ишенсе болот.

Учурда эл аралык ЖОЖдордун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн мисалы катары, Бишкектеги түрк университеттерин келтирсе болот. Профессордун маалыматына ылайык, алар түрк мамлекети тарабынан ар тараптуу колдоого алынып келинет.

"Бул, алгач, региондогу геосаясаттык кызыкчылык жана Түркиянын пантүркисттик идеялары менен түшүндүрүлөт. Түрк элдеринини бирдиктүү маданий-идеологиялык мейкиндигин түзүү милдетин жана жоопкерчилигин да Түркия өз мойнуна алган. Дүйнөлүк коомчулук үчүн өзүнүн ачыктыгы менен айырмаланган Кыргызстан, Борбор Азиядагы өзгөчө мамлекет катары бааланып келет. Андан тышкары бул жакта, бардык тиешелүү кадрдык ресурстар жана жогорку квалификациясы бар адистер көп. Келечекте, республика суу ресурсатры жана логистика боюнча менеджерлерди даярдаган регионалдык, эл аралык ЖОЖдордун борбору боло алмак", - деген пикирин Герлах билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223319

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.