Россия Кыргызстандын 489 миллион доллар карызы жөнүндөгү маселени жөнгө салды

188,9 млн доллар карызды бир убакта толук көлөмдө, ал эми 300 млн долларды он жыл аралыгында бирдей үлүш менен кечишет
  29.04.13   14:03
 308

27-апрелде болгон өзүнүн жыйынында Федерация кеңеши буга чейин сунушталган насыялар боюнча Кыргызстандын Россиянын алдындагы карызын жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди ратификациялады.

Документ 2005-жылы 5-сентябрда алынган 188,9 млн доллар, 2009-жылдын 3-февралында алынган 300 млн доллар көлөмүндө Россиянын алган Кыргызстандын карыз милдеттериндеги тейлөө жана карызды жабуу шарттарын карайт.

Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Джабаров биринчи келишимге ылайык карыз толук көлөмдө бир жолу кечилерин баса белгиледи. Экинчи келишим боюнча карыз 2016-жылдын 16-мартынан тартып тең үлүштөр менен жоюлмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223320

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.