Дмитрий Мезенцев: ШКУнун жаңы органын түзүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатышат

  29.04.13   14:13
 252

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында азыркы коркунучтар менен чакырыктарга бирлешип аракет кылуу боюнча борборду түзүү иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев билдирди.

Ал Россиянын президенти Владимир Путин Пекинде өткөн саммитте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларына ШКУнун аймагында коопсуздук коркунучтары менен күрөшө турган, заманбап чараларды колдонууга багытталган борборду түзүү демилгесин сунуштаганын эскертти.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223321

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.