Айтматов жөнүндө китеп жарыкка чыкты

  29.04.13   14:19
 476

"Илим" Бишкек академиялык басмаканасында, Улуттук илим академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиевдин "Чыңгыз Айтматов: Адам жана Аалам" китеби жарык көрдү.

Илимий-популярдуу басылма, чоң форматтагы 576 бет болуп чыкты. Китепте Чынгыз Айтматовдун биографиясы тууралуу али белгисиз фактылар келтирилет. 1935-жылы "Ленинчил жаш" гезитиндеги алгачкы интервьюсунан баштап, немец адабият сүйүүчүлөрдүн алдында сүйлөгөн сөзүнө чейин бар.

Китепте түстүү жана кара-ак иллюстрациялар менен Айтматовдун сүрөттөрүнө кеңири орун берилген. Анын ичинен көпчүлүгү алгачкы жолу коомго тартууланып жатат.

Абдылдажан Акматалиевдин "ВБ"га билдиргенине ылайык, басылма Улутакадемиясы тарабынан чыгарылган китептер сериясынын алгачкысы. Чыңгыз Айтматовдун 85-жылдыгына арналган иш чаралар ушу жылдын декабрь айында белгиленет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223322

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.