ШКУнун жыйынында Афганистандан НАТОнун күчтөрүн чыгарууну талкуулашты

  29.04.13   14:27
 243

Бүгүн, 29-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын сегизинчи жыйыны аяктады. Жолугушуунун жыйынтыгы менен анын катышуучулары биргелешкен протоколго кол коюшту.

ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев "ШКУнун төрагасы катары Кыргызстан төрагалык милдетин кынтыксыз аткарууда жана баардык тараптар менен көп пландуу өз ара иш жүргүзүп жатат", -деп белгилеп өттү.

Ал журналисттерге жыйында өзгөчө көңүл Афганистандан чыгарыла турган күчтөргө бурулганын айтты.

"2014-жылы НАТОнун аскерлеринин Афганистандан чыгарылышы Борбор Азиядагы коопсуздук жагдайына зор таасирин тийгизет", -деп эсептейт ШКУнун катчысы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223323

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.