Атамбаев ШКУ мүчөлөрүн чек арадагы чыр-чатактарды бирдиктүү чечүүгө чакырды

  29.04.13   14:29
 277

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн ортосунда келечекте чек арадагы делимитация жана демаркация маселеси болбоосу керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюмга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңеш катчыларынын –жолугушуусунунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы НАТОнун Оогастандан чыгарылышына байланыштуу Борбор Азияда рогионалдык коопсуздук маселеси кооптонууну жаратышы мүмкүн. Андыктан ШКУнун ишмердигин оптималдаштыруу зарыл.

"Биргелешүү жолу менен гана бардык конфликттерди чечип, эффективдүү эскертүү жүргүзүп жана жалпы коопсуздукту камсыз кыла алабыз. Буга мисал катары ишемби күнү Тажикстан менен чектешкен чек арадагы окуяны алсак болот. Мындай маселелерди чечүүдө эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жоопкерчилиги чоң", - деди Атамбаев.

Ошондой эле ал, ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда болгон бардык көйгөйлөрдүн тез жана пайладуу чечилүүсүн каалап өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223324

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.