Ырчы Дилшат Кангелдиева Англияга барып, мастер класс өтөт

Ырчы сентябрь айында Англияга барып, музыкалык аспаптар боюнча мастер класс өтө турганын айткан.
  29.04.13   14:38
 365

Эстрада ырчысы Дилшат Кангелдиева "Алиби" гезитине берген маегинде сентябрь айында Англияга барып музыкалык аспаптар боюнча мастер класс өтө турганын айткан.

"Англияда чоң музыкалык фестивалга катышып, андан соң чоң концерт бердим. Менин музыкалык аспаптарда ойногонум аларга абдан жагыптыр "гонорарыңызды, жол киреңизди төлөп, кайра чакырсак келесизби? Бардык аспаптарда профессионалдуу ойнойт экенсиз. Казакстандан ырчыларды чакырбай эле коелу, домбраны да өздөштүрүп келсеңиз, эки элдин аспабын өзүңүз эле ойноп коюңуз. Анан бул жактан музыкалык аспаптар боюнча мастер класс өтүп берсеңиз",- деп суранышкан эле. Бардык шарттарын түзүп берип атса, жок деп айта алган жокмун. Буюрса сентябрдын башында кайра Англияга кетем. Азыр домбраны үйдөн өздөштүрүп атам. Андан сырткары билбеген аспаптарымды үйрөнүүнүн үстүндөмүн",- дейт ырчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223325

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.