"Роснефть" Кыргызстандагы мунайгаз кендерин чалгындайт

  29.04.13   14:44
 314

Россиядагы жана дүйнөдөгү эң ири мунайгаз компанияларынын бири - "Роснефть" Кыргызстандагы мунайгаз кендерин чалгындайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, "ВБ"га Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев маалымдады.

Анын айтымында, россиялык компания Бишкекке "Роснефтинин" расмий өкүлчүлүгүн ачып жана анын жумушчу тобу иш сапары менен келгенден кийин чалгындоодогу ага перспективдүү болгон аянттар менен инвестициянын көлөмүн аныктайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын өкмөтү "Роснефтиге" республиканын баардык аймагында май куючу жайлар түйүнүн жайгаштырууга уруксат берген.

Ушул жылдын 15-майына чейин "Роснефть" Кыргызстанда инфраструктура менен мунай өндүрүмдөрүн камсыздоо максатында "Роснефть Оверсис С.А." деген атайын өкүлчүлүгүн ачат.

Акенеевдин пикиринде, КРге кирүү менен россиялык компания рыноктогу атаандаштык үчүн ыңгайлуу чөйрө түзөт. Эң биринчи кезекте "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунун монополиясынын азайышы күтүлөт.

"Келечекте "Роснефть" мунайды кайра иштете турган заводду куруу жагын дагы караштырып жатат",- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223326

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.