Роза Отунбаева мектепке чейинки балдарга билим берүү альтернативасын сунуштады

  29.04.13   14:43
 391

"6-7 жаштагы 650 миң балдардын үчтөн бир бөлүгүндө гана мектепке чейинки даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар", - деп бүгүн, 29-апрелде, Роза Отунбаеванын фонду уюштурган журналисттер менен жолугушууда экс-президент айтты.

Негизинен бул тизмекке алыскы региондордо жашагандардын жана мигранттардын балдары кирет.

"Менин баламдын курсагы ток, кийими бүтүн, бардыгы кудайга шүгүр!" - азыр көпчүлүк мына ушинтип ой жүгүртөт. Бирок ата-энелер, кеңири ойлонушу керек: балдар - бул келечек. Эгер алар жалаң кийим менен курсакты ойлосо, келечекте ким өлкөнү башкарат?" -деп Отунбаева суроо салды.

Анын пикири боюнча, даярдыкты кичине кезинен баштоо зарыл. Себеби, жеткинчектер 8 жашка чейин жаңы билимди мыкты жана тез кабыл алып, өздөштүрөт, алар айлана чөйрөнү изилдөө, сыноо, байкоо, жаңылышуу жолдору менен көп нерсени үйрөнүп, тез акыл чогултушат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223327

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.