Табалдиев ТЖБны чыгаруу боюнча келишимди бузууга пикир кошкон жок

  29.04.13   15:06
 246

Кыргызстандын Коопсуздук кенешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев "Манас" транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) чыгаруу боюнча билдирүү жашыруун даярдалып жатат деген маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Табалдиев "ВБ" бүгүн, 29-апрелде билдирди.

Анын айтымында, бул маселе ачык айтылбоого тийиш. "Мен комментарий бере албайм, ошондой эле бул маалыматты четке кагып же тастыктай да албайм",- деп белгиледи Табалдиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын маалымат агенттиги ""Манас" аэропортундагы аскердик базада Американын транзиттик жүк ташуу борборун жайгаштыруу боюнча келишимди денонсациялоо жөнүндөгү билдирүүнүн текстти өкмөттө жашыруун түрдө макулдашылып жатат" деп өзүнүн Ак үйдөгү булагына таянып кабарлаган.

Белгилей кетсек, "Манас" аэропортуна Американын аскер базасын жайгаштыруу жөнүндөгү Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Келишимге ылайык, Кыргызстан көрсөтүлгөн мөөнөттөн жарым жыл мурда америкалык тарапка келишимдин иши токтотулганы тууралуу эскертиши керек. "Манастагы" америкалык аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү документти өкмөт даярдоого тийиш, андан соң аны парламент бекитет. Ошондон кийин Кыргызстан АКШга ТЖБны жайгаштырууну токтотуу жөнүндө нота жөнөтөт. Келишимдин шартына ылайык 180 күндүн аралыгында Пентагон өзүнүн аскерлерин алып чыгып кетүүгө тийиш.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аба базасынын ордуна 2014-жылдан тартып ири жарандык эл аралык транзиттик түйүнү иш алып барарын билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223329

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.