Бишкекте 7 жаштагы баланы тоноп кетишти

  29.04.13   15:08
 287

Бишкекте 7 жаштагы баланы тоноп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басмасөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өткөн дем алыш күнү "Тунгуч" кичи районунан үйүнөн алыс эмес жерден эки өспүрүм 7 жашар баласын сабап, тоноп кеткендигин айтып 43 жаштагы аял милицияга арыз менен кайтылган.

Октябрь райондук ИИБнын жашы жете электердин иши боюнча аймактык инспекторлору шектүү делген 15 жаштагы жана 10 жаштагы эки өспүрүмдү колго түшүрүшкөн. Анын бирөөсүнүн жашы Кылмыш жана жазык кодексинин беренелерине туура келбегендиктен жашы жете электердин иши боюнча аймактык инспекторлорудун учётуна алынган. Ал эми 15-жаштагы балага карата иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223330

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.