Таэквондо WTF боюнча шаардык мектептер спартакиадасы аяктады

  29.04.13   15:01
 368

Борбор калаада таэквондо WTF боюнча шаардык спартакиадасынын финалдык этабы соңуна чыкты.

Шаардык спорткомитеттин билдирүүсүнө ылайык, мелдешке Бишкектин 15 мектебинен 18 жашка чейинки 50 жаш таэквондочулар катышышты. Бардыгы болуп 10 медаль комплектиси ойнотулду.

Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Убайдуло Токторбаевдин айтымында, спартакиаданын жеңүүчүлөрү шаардын атынан республикалык олимпиадага чыгышат.

Бир күндүк мелдештин натыйжасында жеңүүчүлөр деп Дастан Таиров, Бектур Дикамбаев, Азизжан Тажибаев, Медербек Курманкулов, Владимир Тюленев, Нурлан Жумалиев, Роберт Пак, Айтамга Салибай уулу, Тимур Мун, жана Акбар Айтахуновдор аталышты.

Жеңүүчүлөр Дене тарбия жана спорт боюнча Бишкек шаардык комитети тарабынан медаль, диплом жана белектер менен сыйланышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223331

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.