ШКУ күч органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө убада берди

  29.04.13   15:12
 216

Афганистандан НАТОнун аскерлеринин чыгарылышы күтүлүп жаткан маалда туруктуулукту камсыз кылыш үчүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер күч органдарынын өз ара кызматташтыгын чыңдайт. Бул алдыга коюлган пландар тууралуу бүгүн, 29-апрелде, ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев билдирди.

Ал ШКУнун алкагында ишинин сапаты аймактагы бүгүнкү коркунучтар менен чакырыктарга адекваттуу болгон терроризмге каршы аймактык түзүм иш алып бараарын түшүндүрдү. Мезенцев уюшкан кылмыштуулук, баңгизатынын мыйзамсыз айланышы, трансчегаралык кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн өз ара биргелешип аракеттенүүсүн күчөтүүнүн мааниси зор экенин белгилеп өттү.

"Бүгүн уюмдун Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын VIII жыйынында чегара кайтаруу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн башка деңгээлге жогорулатуу сунушу айтылды. Эксперттик коомчулук дагы, алдыңкы өлкөлөр дагы мезгил-мезгили менен афган маселесин көтөрүп жатышат. Туруктуу экономикалык системаны жана айыл чарба тармагын калыптандырууга Афганистандын жетекчилигине көмөк көрсөтүү кадамдары -бул Афганистандын калкы өз үй-бүлөлөрүн мыйзамдуу эмгек акы алып багуусуна кепилдик бермек",- деп белгиледи башкы катчы.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223332

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.