Бишкекте жеңил атлетика эстафетасы өттү

  29.04.13   15:11
 410

Бишкектин Түштүк дарбазасында Октябрь районунун 200гө жакын тургундары чогулуп, 2 чакырымга чуркоо мелдештерине катышышты. Дем алыш күндөрү иш чарага 19 орто мектеп жана 53 уюм катышышты. "Бирок, эч кимди күчкө салып, кыйнаган жокпуз", - дейт Октябрь районунун акими Олег Попиков.

Эркек балдардын арасында биринчи болуп, №26- гимназия мектебинин окуучусу Эрбол Доолоталиев келсе, селкилердин арасынан №99- мектептин окуучусу Асель Сарыбаева алдына эч кимди салган жок.

"Биз мындай иш чараны экинчи ирет өткөрүп жатабыз. Былтыркы жеңил атлетикалык кросс дагы активдүү жашоонун күйөрмандарына майдай жаккан. Ошондуктан биз бул мелдешти салттуу кылалы деп жатабыз", - деди район жетекчиси.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223333

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.