Телефондон сүйлөшүү жугуштуу

Мичиган университетинин окумуштуулары эгер адамдын жанындагы киши телефондон сүйлөшүп, же кыска билдирүү жөнөтүп атса ал да адаттагыдан көп сүйлөшөт.
  29.04.13   15:30
 241

Окумуштуулар ошондой эле аялдар эркектерге караганда көп ушундай кыларын аныкташкан. Себеби, аялдар бир нерсени өтө тез кабыл алып, эмоциялуу келишет.

Окумуштуулар бардык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын Human Ethology Bulletin илимий журналына чыгарышкан. Алар уюлдук телефон кармап турган кишини көргөндө адамда "социалдык изоляция" аттуу сезими ойгоно турганын айтышат.

Америкалык окумуштуулардын ырасташынча, башка адамдын гаджет көтөрүп турганын көргөндө анын да ошондой кылышы – бул табигий көрүнүш. Алар бул реакцияны "көңүл буруунун өз алдынча жаркыроосу" деп аташкан. Иликтөө көргөзгөндөй мындай раекция болжол менен 10 секунддан кем эмес убакытта ишке ашат.

Окумуштуулар өткөн жылдын январь айынан апрелге чейин узак мөөнөткө эксперимент жүргүзүшкөн. Алар изилдөө учурунда башка топтогу ыктыярчы студенттердин уюлдук телефон менен кантип колдонгон аракеттерине көз салышкан.

Күнүмдүк турмушта студенттер телефон менен сүйлөшүүгө убакытысынын төрттөн бирин жумшашат. Бирок алар башкалар телефон колдонуп атканын көргөндө стандарттык убактысынан 40% ашык колдонушкан. Кыздар болсо 50%га убактысын көп колдонушкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223334

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.