Киргизилип жаткан товарларды убактылуу сактоо үчүн санинспекцияга жай бөлүнөт

  29.04.13   15:31
 345

Өтүп кеткен 27-апрель, ишемби күнү, Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматов менен Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Азысбек Исраилов, "Кыргызмебель" жана "Бими Кара-Балта транс-сервис" компанияларынын убактылуу сактоо складдарын барып көрүштү. Бул тууралуу МБКнын басмасөз кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, Кытай Эл Республикасынан алынып келинген куштар жана куш продукциясына өкмөт тыйуу салган буйругуна байланыштуу, республика аймагына жаңы типтеги Н7N9 куш тумоосунун кокус кирүүсүн алдын алуу максатында, жогоруда белгиленген сактоо жайлардын территориясынын складдарынан Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын кызматкерлери үчүн туруктуу жумуш жайларын камсыздоо чечими кабыл алынган.

"Кыргызмебель" ишканасында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн талаптарына жооп бербеген шарттар байкалган. Жетекчиликке аларды кыска мөөнөттүн ичинде жайгаруу буюрган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223338

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.