Стол тенниси: Татьяна Зырянова жеңүүчү аталды

  29.04.13   15:44
 230

Бишкектин жашоочусу Татьяна Зырянова Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган стол тенниси боюнча турнирдин аялдар арасындагы мелдеште жеңүүчү аталды. Кыргызстандагы стол тенниси боюнча ассоциациясынын вице-президенти Самсон Баляндын айтымында, экинчи орунду Елена Старжинская (Тамга айылы) алса, коло байгеге Оштон Айнура Дунгуева татыктуу болду.

Эркектердин арасында мелдеш жаш категориясы боюнча үчкө бөлүнүп өттү: 40-49 жаш, 50-59 жаш жана 60тан жогору. Биринчи категорияда россиялык Нурдин Сапарбаев биринчиликти эч кимге берген жок. Кийинки категорияда бишкектик Беделбек Кудайбергеновго тең келгендер жок болду. Ал эми эң улуу категорияда турнирдин алтын байгесин Кыргызстандын спорт чебери Анатолий Демин илип кетти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223340

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.