Мезенцев: Түркиянын НАТОго мүчөлүгү анын ШКУ менен шерик болушуна тоскоол эмес

  29.04.13   15:54
 274

Түркиянын НАТОго мүчөлүгү анын Шанхай кызматташтык уюму боюнча шерик болушуна тоскоолдук жаратпайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев билдирди.

Белгилей кетсек. 26-апрелде Алматыда Мезенцев менен Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Түркиянын Шанхай кызматташтык уюмуна өнөктөш болуу статусун алуусу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. "ШКУдан тигил же бул мамлекеттин кайсы гана статусту болбосун алышы - аталган мамлекет ШКУнун нормативдик-укуктун базасынын талаптарын кабыл алат жана аны сактоого жоопкерчилик алат деген белги. Меморандумга кол коюу Түркия бул меморандумдун укуктук-нормативдик базасын толук көлөмдө кабыл алды дегенди түшүндүрөт" ,-деп белгиледи Мезенцев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрелде, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223341

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.