Мэр согуш ардагерлерине азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү

  29.04.13   16:06
 357

Улуу Жеңиш күнүн майрамдоо алдында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Улуу Ата Мекендик Согуштун эки ардагерлеринин үйүнө баш бакты. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басмасөз кызматы маалымдады.

Согуш ардагерлери Григорий Бутов менен Тимофей Сергеевге 10 миң сомдон жана бир баштык азык-түлүк берилди. Андан тышкары, Бутовго жакынкы убакытта үйүнө канализация киргизип берүү убада кылынды.

Григорий Бутов быйыл 92 жылдыгын белгиледи. Ал 1941-жылы 18 жашында фронтко чакырылган. 1943-жылы оор жаракат алган. Согуштан кийин Фрунзеде иштеген. Мамлекеттик сыйлык жана медалдар менен сыйланган.

Тимофеев Сергей 1924-жылы туулган. 1942-жылы фронтко чакырылып, согушту баштан-аяк өткөн. 1953-жылы демобилизацияланган. Согуштан кийин Фрунзеде жашап, иштеген. 30 жылдан ашык "Зеленстрой" муниципалдык ишканасында эмгектенген.

Бишкекте 568 согуш ардагери жана 2 493 тыл эмгекчилери жашайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223343

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.