"Ленгидродолбоор" Жогорку Нарын ГЭСинин курулушунун ТЭНин түзүп чыкты

  29.04.13   16:10
 283

Санкт-Петербургдагы "Ленгидродолбоор" ачык акционердик коому (ААК) Жогорку Нарын каскады боюнча төрт ГЭСтин техникалык экономикалык негизин (ТЭН) түзүүнү аягына чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров "ВБ"га маалымдады.

Анын айтымында, азыркы учурда ТЭН "Электр станцияларынын" текшерүүсүнөн өтүп жатат. Долбоорду макулдашууну 15-майга чейин аяктоо пландалды. Болочоктогу гидроэлектростанциялардын техникалык параметрлери менен курулуштун долбоордук баасы азырынча айтылбайт.

Назаров ошондой эле биринчи ГЭСтин курулушун май айында эле баштаса боло турганын эскертип өттү, бул тууралуу Бишкекке 25-апрелде жасаган иш сапарынын маалында "РусГидро" ААКнын башкаруу төрагасы Евгений Дод дагы билдирген. Техникалык-экономикалык негиздерди оңдоп-түзөө, иштеп чыгуу жумуштары катарлаш жасалмакчы.

Курулушту башташ үчүн компания Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин буйругун күтүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223344

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.