Чоң чыр менен кеткен Калыбек Сатывалдиев КИББдин жетекчиси болду

  29.04.13   16:28
 243

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынан чоң чыр менен жумуштан кеткен Калыбек Сатывалдиев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КИББ) жетекчиси болду. Бул тууралуу милиция кызматкерлери "ВБ"га билдирди.

Тартип сакчылардын айтымында, кечээ Ички иштер министри Абдулда Суранчиев Калыбек Сатывалдиевди жаңы кызматка дайындоо үчүн жарлыкка кол койгон. Бул кызматта буга чейин Тлек Алибаев иштеп келген.

Белгилей кетсек, Калыбек Сатывалдиев Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынан Шамил Атаханов тарабынан кетирилген болчу.

Эскертсек, Сатывалдиевге оперативдүү жыйынды үзгүлтүккө учурутканы үчүн сөгүш берилген эле. Андан кийин эле Атахановдун ички иштер органында реформа жана кайта түзүү боюнча жарлыгы чыккан. Ага ылайык, ИИМдин өздүк курамынан 6 миң киши чыгарылган.

Күбөлөрдүн айтымында, ал жыйында Калыбек Сатывалдиев өз эмоциясын кармай албай, ага айтылган айыптардан улам жыйындан чыгып кеткен. Ал жетектеген мекеменин бир катар кызматкерлери жетекчисинин артынан чыгып кетишкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223345

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.