Бишкекте Даниил Бабаевдин элесине арналган дзюдо боюнча турнир өттү

  29.04.13   16:26
 292

Дзюдочу Даниил Бабаевдин элесине арналган эл аралык турнир бүгүн, 29 апрелде, Кожомкул атындагы борбордук спорт ордосунда старт алды. Мемориалга ар башка өлкөлөрдөн 150дөн ашык атлеттер катышат.

Белгилей кетсек, Бабаев талантуу спортчу болгон. Ал 20 жашында Азия чемпионатында коло медалын жеңип, республикалык, эл аралык жана жаштар арасындагы мелдештердин жеңүүчүсү аталып келген. Жакындары көптөн үмүттөндүргөн спортчуну жаркын келечек күтүп турат деп ишенишчү. Бирок, кырсык бул үмүттөрдүн бардыгын четке какты: 2010-жылдын жай айында Бабаев автокырсыктан каза тапты.

Ошондон бери Даниилдин атасы Виктор Бабаевдин жана Дзюдо боюнча улуттук федерациянын жетекчилигинин демилгеси менен таланттуу күрөшчүнүн элесине арналган мемориал өткөрүлүп келет. Ал эми былтыркы жылдан бери, бул мелдешке Борбор Азия жана Россиянын спортчулары да катышуу ниеттерин билдиришкен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223346

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.