Россиялык корпорация Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорго кошулат

  29.04.13   16:33
 322

Баңгизаттардын айланышын көзөмөлдөө боюнча Россиянын федералдык кызматы тарабынан демилгеленген Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Россия кызматташтык корпорациясы (РКК) Россиянын аталган аймакта жүргүзүп жаткан экономикалык саясатын комплекстүү ишке ашыруунун координациялык жана каржылык булагы болуп калмакчы. Ошондой эле ал бул мамлекеттердеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк берет. Негизинен корпорациянын алкагында Кыргызстандагы Камбар-Ата 1-ГЭСи, "Газпром", "Роснефти" компанияларынын кен иштетүү жана башка демилгелер боюнча долбоорлору корпоративдик жактан күчөтүлмөкчү. Бул тууралуу "ВБ"га Баңгизаттардын айланышын көзөмөлдөө боюнча Россиянын федералдык кызматынын директору Виктор Иванов маалымдады.

Ал 17-апрелде Россия федерациясынын Борбор Азиядагы баңгизатына каршы программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча РФнын өкмөттүк комиссиясынын жыйынында РККны түзүү маселеси маанилүү болгонун айтты. Корпорация аймактын республикаларындагы альтернативдүү өнүгүү, социалдык-экономикалык жагдайды турукташтыруу жаатында маанилүү фактор болууга тийиш. "Ал эми бул өз кезегинде бул мамлекеттердеги баңгизат басымынын деңгээлин азайтууга мүмкүндүк түзөт жана Россиянын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын камсыздайт",- деп баса белгиледи Иванов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223347

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.