Муфтият ажылыкты уюштурууда пара алган деген маалыматты четке какты

  29.04.13   16:31
 336

Муфтият ажылыкты уюштурууда квоталарды мыйзамсыз саткан деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу бүгүн, "ВБ"га Мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкери Замир казы Ракиев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга карата ажылыкка даярдануу иштери баштала элек. "Азырынча ажылыктын баасы аныктала элек. Андыктан акча жыйноо туурасында эч кандай сөз болбошу керек", - деди Ракиев.

Ошондой эле ал, ажылыкка даярдануу иштери 10 күндөн кийин баштала тургандагын айтып, зыяратчыларды Сауд Аравиясына алып барып жана алып келүү үчүн тендерди "Кыргыз Транс Авиа" компаниясы утуп алгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин президенти Бакыт Нурдинов Муфтият ажылык сапарга баруу үчүн зыяратчылардан мыйзамсыз 1 миң доллар өлчөмүндө каражат чогулткандыгын айтып чыккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223348

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.