ШКУ кылмыштуулук менен күрөшүүдө БУУ менен кызматташтыгын кеңейтет

  29.04.13   16:49
 355

"Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңештери терроризм, наркотрафик, трансчегаралык, уюшкан жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз ара кызматташтыгын күчөтүүсү зарыл",-деп билдирди бүгүн, 29-апрелде ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев.

Анын айтымында, ШКУ менен БУУнун кызматташтык кеңештеринин жыл сайын болгон жыйындары БУУнун терроризм, наркотрафик, трансчегаралык, уюшкан жана кибер кылмыштуулук менен күрөшүүдө ШКУ менен атаандашпастан тескерисинче, кызматташуусун кеңейтүүсү натыйжалуу болоорун көрсөттү.

Мезенцев жыл сайын үч же төрт жолу ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин аймагындагы коопсуздук, коркунучтар жана чакырыктар боюнча жагдайдын мониторингин жүргүзүп, жалпылап көрсөтүү жагын сунуштады.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө болгон мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу болду.

Маалымат үчүн

ШКУ- 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан менен Өзбекстандын башчылары тарабынан негизделген эл аралык уюм.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223350

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.