Кыргызстан жыл башынан бери 20 миллион доллар насыя алган

  29.04.13   16:59
 368

Жыл башынан бери Кыргызстан баш-аягы 31,7 млн долларга төрт инвестициялык долбоор боюнча келишим түзгөн болсо, анын 11,7 млн доллары - гранттык каражаттар, 20 млн доллары - насыялар. Бул тууралуу "ВБ"га Каржы министрлигинин коомчулук менен байланышуу сектору бул долбоорлор айыл чарбасын, транспорт тармагын, инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык тармакты камтый турганын белгилөө менен кабарлады.

Ошондой эле ведомство өткөн жылы республика донорлор менен 14 инвестициялык долбоор боюнча 792,8 млн. долларга келишим түзгөнүн маалымдайт. Бул сумманын 121,7 млн доллары грант, 671,1 млн доллары насыя түрүндө берилген. Анын ичинен алты долбоор социалдык, үчөө-инфраструктура, бирөө - мамлекеттик башкаруу жана дагы экиден долбоор энергетика менен транспорт тармагына тиешелүү болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223352

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.