Тышкы карыздарды төлөөгө быйыл 4,5 миллиард сом жумшалат

  30.04.13   07:52
 332

Каржы министрлигинин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд 992 млн долларга жеткен же 142 млрд 310 млн сом. Ал эми аны төлөөгө быйыл 4,5 миллиард сом жумшалат. Министрлик белгилегендей, Кыргызстан тышкы карыздар боюнча туруктуу бир калыпта тургандыктан аны төлөөдө кооптонуунун кажети жок. 2012-жылдын соңунда ал ички дүң продукциянын 47,2%ын түзгөн. Ал эми өлкөнүн ички карыздары 283 млн долларды же 13 млрд 482 млн сомго жеткен. Аны төлөөгө 2013-жылы республикалык бюджеттен 10 млрд 989 млн сом жумшала тургандыгы пландалууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223353

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.