2013-жылы баалуу кагаздарды чыгарууга 7,6 млрд сомдон ашык каражат жумшалат

  30.04.13   07:54
 283

Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен Финансы министрлиги быйыл республикалык бюджетке 7 млрд 602,4 млн сом түшүрүүнү пландап атат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 628,6 млн сомго көп. Бул тууралуу кечээ, 29-апрелде, Финансы министрлигинин коом менен байланыш бөлүмүнөн "ВБ"га билдиришти.

Министрликтен белгилегендей, мамлекеттик казына векселинен 6 млрд 5,9 млн сом чыгарууну пландап атат, ал эми мамлекеттик казыналык облигациялар – 1 млрд 596,5 млн сомго чыгарылат.

"Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун көлөмү рыноктогу абалдан көз каранды. Ошондой эле киреше менен талап көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү да таасир берет. Алардын пайыздык катышын болжоого мүмкүн эмес. Себеби алар ар бир аукциондо эсептөө аркылуу аныкталат",- деп Финансы министрлигинен билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223354

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.