КРдин элчилиги: Россияда 300 миңдей кыргызстандыктар мыйзамсыз иштешет

  30.04.13   07:56
 446

Россияда 300 миңдей кыргызстандык мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу Евразия өнүгүү банкынын интеграциялык изилдөө борборуна Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкери билдирген.

Ал 2011-жылы 560 миңге чукул жаран КРден Россияга барганын маалымдады.

"Алар келишкен, кайра кетишкен, кайсы бир мезгилде аз болушса, кайсы бир убакта көп келишкен. Бирок ошол эле маалда биздин өлкөнүн 106 миң жараны гана жумушка уруксат алса, дагы 56 миңи гана эмгек патенттерин алган", -дейт аты-жөнүн атабаган элчиликтин кызматкери.

Мындан улам элчилик 2011-жылы Россияда Кыргызстандын 150 миң жараны мыйзамдуу жүргөн деп болжойт. Калган 400 миңдей атуул өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган.

Кызматкер ошондой эле маселенин баары чет өлкөдө жүрүүдө коопсуздуктун кепилдиги биринчи кезекте мыйзамдуулукта экенин түшүнбөгөн адамдарда келип чыгаарын белгилейт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223355

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.