Жогорку сот экс-министр Сабировдун ишин 8-майда карап чыгат

  30.04.13   08:03
 317

Жогорку сот мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишин 8-майда карап чыгат. Бул тууралуу кечээ, 29-апрелде, "ВБ"га анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Эске салсак, экс-министр коррупцияга тийиштиги бар делип айыпталууда.

Жактоочу болжолдогондой, күбөлөр чакырылбаганына караганда иш отурумда да каралышы мүмкүн. "Чечим иш материалдары боюнча гана кабыл алынат. Жактоочу менен прокурор гана катышат", деди Айткулов.

Эске салсак, 7-мартта шаардык сот Сабировду 5 жылга эркинен ажыратуу, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Ал эми анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедовду 3 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыккан. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Сабировду актап, анын жардамчысын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223359

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.