Жол кырсыгынын натыйжасында боюнда бар аял каза болгон

  30.04.13   08:05
 383

Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун күнөөсү менен, боюнда бар аял каза болгон. Ага азыр айып тагылууда деп, кечээ, 29-апрелде, "ВБ"га Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, кылмыш ишин жол кырсыгы болоору менен козгошкон. Бирок, унаанын айдоочусу, 51 жаштагы айым ооруканага жаткырылгандыктан суракка алуу мүмкүн болгон эмес. Валентина Назаровага КР кылмыш кодексинин "өлүмгө алып келген жол кырсыгы" беренеси боюнча айып тагылууда.

"Назарованы жол кырсыгы болгон маалда көрсөтмө берүү үчүн милицияга алып келишкен. Ошол маалда айымдын жүрөк оорусу кармап, ооруканага жеткирилген. Кечээ ал ооруканадан чыкты. 30-апрелде прокуратура ага кандай чара көрүлөөрүн чечет", деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 21-апрелде жол кырсыгы катталган. Жыйынтыгында жаш айым каза болуп, 5 унаа жабыркаган. Болжол менен саат 17.30да Toyota Land Cruiser унаасы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатып, ичиндеги айдоочу айым рулду башкара албай калган. Натыйжада жол жээкте токтоп турган унааларды барып сүзгөн: "Тойота-Авенсис", "Мерседес-320", "Субару-Легаси" жана "Мазда-626". Кырсык акыркы унаадан (такси) 1992-жылы туулган жүргүнчү жерге түшүп баратканда болгон. Бишкек шаарынын тургуну ошол жерден каза болгон. Ошондой эле анын 5 айлык боюнда бар экендиги аныкталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223360

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.