Жеңиш күнүнө карата ардагерлер мамлекеттен 5 000-10 000 сомго чейин акча алышат

  30.04.13   08:06
 310

Жеңиш күнүнө карата Улуу согуштун ардагерлери мамлекеттен 5 миңден 10 миң сомго чейинки акча алышат. Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгында, 8,5 миң ардагерге кошумча акчалай жөлөк пул 9-майга чейин берилүүгө милдеттүү делип баса белгиленген. Мындай тапшырманы өлкө башчысы социалдык өнүктүрүү министрлигине жана анын алдындагы ведомстволорго берди.

Согуштун катышуучуларына, Ленинград блокадасында болгондорго жана концлагер туткундарына 10 миң сомдон, согушта курман болгондордун жесирлерине, тылда эмгектенгендерге 5 миң сомдон каралган.

Жеңиш күнүнө карата улуу муундагыларга материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 54,1 млн сом сарпталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223361

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.