Бүгүн эки министрликке талапкерлер каралат

  30.04.13   08:09
 381

Бүгүн "Ата Мекен" парламенттик фракциясы кезексиз жыйынында энергетика жана өндүрүш министрлигине, ошондой эле социалдык өнүктүрүү министрлик кызматына талапкерлерди карап чыгат. Бул тууралуу кечээ, 29-апрелде "ВБ"га аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

"30-апрелде отурумда аталган ведомстволорго талапкерлерди карап чыгабыз. Азырынча талапкерлерди айтпай турайын, анткени болжолдуу гана тизме бар", - деди депутат.

Эске салсак, көпчүлүк коалиция тууралуу макулдашуу боюнча, аталган министрликтердин башчыларын кароо квотасын "Ата Мекен" фракциясы ишке ашырат. Андан кийин алар ведомстволордун жаңы башчыларын президентке бекитип бериш үчүн көрсөтүшөт.

Белгилей кетсек, 22-апрелде президент Автандил Калмамбетовдун башка ишке которулгандыгына байланыштуу, мурунку ээлеген кызматынан (энергетика жана өндүрүш министри) бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон. Мындан сырткары, социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов өз эрки менен жумуштан кетүү үчүн жазган арызынын негизинде,президент кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223363

 Комментарийлер:
#1 мамат
2013-05-02 10:13:34 Цитата / 0 / -

кызгыз демократиясына данк

#1 мамат
2013-05-02 10:23:45 Цитата / 0 / -

министрлердин кандидатурасын караганда алардын ыймандуулугуна ач коз эместигине мурунку иш кызматындагы журуш турушуна караса жакшы болмок ]

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.