"Кыргызавтомаш" заводунун складында өрт чыкты

  30.04.13   08:44
 283

"Кыргызавтомаш" заводунун аймагындагы складда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү "101" пультуна кечээ, 29-апрелде, саат кечки тогуздарда келип түшкөн. "Кыргызавтомаш" заводунун аймагында орун алган складда өрт чыккан. Аны жеке ишкер ижарага алып иштетип келген.

Өрт жалпысынан 400 чарчы метр аянтка жайылган. Өрттүн чыгышына жүргүзүлүп аткан ширетүү иштери себеп болушу ыктымал. Өрт түн жырымында гана өчүрүлгөн.

Өлкө аймагында бир сутка ичинде үч өрт кырсыгы катталды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223364

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.