Кыргызстандык айым жасалма документтери менен кармалды

  30.04.13   08:39
 297

26-апрелде, МУКК борбордук ЖОЖдордун биринин жасалма дипломун алып жүргөн, кыргыз жарандыгы бар айымды кармашты. Бул тууралуу МУККдин коомчулук менен байланышуу бөлүмү маалымдады.

Белгиленгендей, кытай жаранынын атына жасалган, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жасалма диплому жана Кыргыз Республикасынын жаранынын туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүгү жогоруда айтылган айымдын колунан табылган.

Камакка алынган жаранга карата "Жасалма документтерди, штамп, мөөр жана бланктарды даярдоо, колдонуу жана сатуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223365

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.