Атамбаев Швейцариянын федералдык департаментинин мамкатчысын кабыл алды

  30.04.13   08:46
 335

Президент Алмазбек Атамбаев 29-апрелде Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер федералдык департаментинин мамлекеттик катчысы Ив Россьени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2014-жылы ЕККУдагы Швейцариянын төрагалыгынын алкагында өз ара аракеттенүү жана Кыргызстан менен Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Афганистандан коалициялык аскерлеринин чыгышына байланыштуу экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана чек аралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кыйла натыйжалуу күрөш жүргүзүү максатында өз ара аракеттенишүү маселелери приоритеттүү болуп, Борбордук Азия региону жаңы коркунучтарга жана кыйынчылыктарга туш келиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Жолугушууга ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лоран Ги катышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223366

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.