2014-жылы ОБСЕдеги Швейцариянын төрагалыгы тууралуу Ив Россье менен сүйлөшүлдү

  30.04.13   08:56
 322

Кечээ, 29-апрелде,, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Борбор Азия боюнча иш сапарынын алкагында КРге келген, Швейцариянын Тышкы иштер боюнча федералдык департаментинин мамлекеттик катчысы Ив Россье менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. "Биз силердин өнүгүү моделин көздөп, өнүккөн, күчтүү мамлекет болгубуз келет", - деди Оторбаев.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан белгилүү бир норма жана стандарттарды сактап, өзүнүн чек арасын бекемдеши керек экенин кошумчалады. "2014-жылы Афганистандан коалициянын аскери чыгарылып жаткан учурда, ОБСЕде Швейцария төрагалык кылаарын жакшы билебиз. Ошого байланыштуу, баңгизаттардын мыйзамсыз өткөрүлүшү жана экстремизим менен эффективдүү күрөшүү максатында чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташуу маселелери приоритеттүү", - деди Оторбаев.

Ив Россьенин иш сапарынын максаты, 2014-жылы ОБСЕде Швейцария төрагалык кылышына байланыштуу региондогу өлкөлөрдүн жалпы абалы менен таанышып чыгуу эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223367

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.