ОБСЕнин жетекчиcи менен укук коргоо органдарындагы реформа тууралуу талкууланды

  30.04.13   09:11
 248

Кечээ, 29-апрелде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги ОБСЕ борборунун жетекчиси Сергей Капинос менен мамлекеттеги укук коргоо органдарындагы реформалар тууралуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Белгиленгендей, Сатыбалдиев укук коргоо органдарындагы реформаларга колдоо көрсөтүп, аны ишке ашырууда көмөктөшүүгө даяр экендигин көрсөткөндүгү үчүн ОБСЕге ыраазычылыгын билдирди.

Капинос өз кезегинде, премьер-министрди ОБСЕ Кыргызстанга ички иштер органдарын, сот системасын, мамлекеттин инвестициялык кызыктуулугун арттырууда жана экологиясын сактоодо ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин ишендире кетти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223368

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.